Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Улуттук банк Башкармасынын «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Бул токтом долбоору банктын кардарлары - жеке ишкерлерди аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо шарттарын кеңейтүү максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 12-февралынан кечиктирбестен asadykov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.