Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААКтын (мындан ары Банк) «Mbank» мобилдик тиркемесинде кардарлардын акча каражат калдыктарынын туура эмес чагылдырылып жаткандыгы тууралуу даттануулары боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.  

Банк тарабынан сунушталган маалыматка ылайык техникалык иш үзгүлтүгү техникалык өнөктөш тарабынан келип чыккан, натыйжада Банктын кардарларынын эсептериндеги акча каражаттары туура эмес берилген.  

Улуттук банк өз кезегинде бул техникалык иш үзгүлтүгү боюнча көзөмөл иш-чараларын жүргүзүүдө.  

Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Улуттук банк жагдайга көз салып, Кыргыз Республикасынын банк системасы үчүн тобокелдиктерди минималдаштыруу жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүдө.