Жеке адамдардын эл аралык акча которуулары боюнча статистикалык маалыматтарды жаңыртуу жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жеке адамдар банктык мобилдик тиркемелерди (банктык карталарды) жана электрондук капчыктарды колдонуу менен жүзөгө ашырган эл аралык акча которуулардын көлөмү өсүп жаткандыгын маалымдайт. Мындай чек ара аркылуу которууларды жөнөтүү жана алуу ыкмаларын жеке адамдар адаттагы акча которуу системалары менен бирге колдонушууда. 

Ушуга байланыштуу Улуттук банк коммерциялык банктар менен биргеликте белгиленген операцияларды Кыргыз Республикасынын жеке адамдар резиденттер жана жеке адамдар резидент эместер ортосунда жүзөгө ашырылуучу эл аралык акча которуулар статистикасына киргизүү боюнча зарыл иштерди жүргүздү

Акча которуулар жөнүндө тиешелүү маалымат жаңыртылып, Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Статистика»/ «Тышкы экономикалык сектор» / «Акча которуулар» бөлүгүндө жайгаштырылган.