Улуттук банк 2024-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жыл ичинде аткарган ишинин жыйынтыгына арналган семинар өткөрдү, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин депутаттары катышты. 

Семинардын алкагында Улуттук банктын акча-кредит саясатынын жыйынтыгына тиешелүү маселелер, ошондой эле банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар кароого алынды. 

Талкуунун жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Боконтаев 2023-жылы тышкы экономикалык чөйрөдө жогору белгисиздик сакталып тургандыктан жана жалпы эле дүйнөлүк соода жүргүзүү багыты өзгөргөндүктөн, Улуттук банктын саясаты тышкы экономикалык тобокелдиктердин таасирин төмөндөтүүгө жана өлкөнүн экономикасынын туруктуу өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө багытталгандыгын белгиледи. 

«Улуттук банк тарабынан 2023-жылы биринчи кезекте аткарыла турган милдет катары өлкөдө инфляциялык процесстердин күч алышына бөгөт коюу милдети белгиленди. Улуттук банк тарабынан тиешелүү акча-кредит саясаты жүргүзүлгөндүктөн, өлкөдө жылдык инфляция көрсөткүчү 14,7 пайыздан 2023-жылдын декабрь айында 7,3 пайызга чейин төмөндөдү, кыргыз сомунун туруктуулугун сактоого жетишилди», деп билдирди Кубанычбек Боконтаев. 

Мындан тышкары, 2023-жыл ичинде жетишилген маанилүү жыйынтык катары дүң эл аралык резервдер көлөмүнүн 3,2 млрд АКШ долларына чейин өсүшүн белгилеп кетүү зарыл, мындай жыйынтыкка эл аралык резервдерди тескөө саясатын кылдаттык менен иштеп чыгуунун натыйжасында жетишилгендигин Улуттук банктын төрагасы баса белгиледи.  

Ошондой эле, талаптагыдай көзөмөл жүргүзүүнүн жана жөнгө салуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын банк системасынын туруктуулугу камсыз кылынып жаткандыгы да белгиленди.  

«Санарип технологияларды пайдалануу менен төлөм системасын өнүктүрүү иши улантылууда, ушундан улам накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча кызматтарды сунуштоо сапаты жакшырууда, ар кандай төлөм инструменттери аркылуу ишке ашырылган накталай эмес операциялардын саны да өсүүдө», деп борбордук банктын башчысы кошумчалады.  

Семинардын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары менен пикир алмашылып, Улуттук банктын ишине тиешелүү актуалдуу маселелер боюнча талкуулар өткөрүлдү