Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.  

Кызыкдар тараптар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 29-февралынан кечиктирбестен bimasheva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.