Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 17-январында № 2024-П-12\1-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын ишинин маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтомун (мындан ары токтом) кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.