Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 29-январында эсептик ченди (негизги ченди) 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2024-жылдын 30-январынан тартып күчүнө кирет.  

Кыргыз Республикасында инфляциялык процесстердин басаңдоо арымы сакталып турат. 2023-жылдын декабрында жылдык инфляция көрсөткүчү 7,3 пайызды, ал эми 2024жылдын январында 5,9 пайызды түздү. Инфляция түзүмүндө азык-түлүк товарлар тобуна баалардын өсүш арымынын жылдык мааниде 2022-жылдын декабрындагы 15,8 пайыздан 2024-жылдын январында 1,9 пайызга чейин туруктуу арымда басаңдагандыгы белгиленген. Ошол эле учурда азык-түлүктөн башка товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар кыйла жай арымда басаңдап, айрым товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр түрүнө карата тарифтик саясатты кайра караштыруу боюнча административдик чаралардын таасирин чагылдырган.  

Тышкы чөйрөдө орун алып турган шарттар Кыргыз Республикасындагы инфляциялык процесстерге карата негизги факторлор катары сакталып турат жана алардын орун алышы базалык инфляциянын максаттуу деңгээлге кыйла жай арымда кайтып жаткандыгын тастыктоодо. Дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунун баа коньюнктурасы ар тараптуу сакталып турат: азык-түлүккө дүйнөлүк баалар акырындап төмөндөөдө, ал эми глобалдуу мунай жана алтын рынокторунда баалардын өзгөрүп турушу сакталууда. Мындай шарттарда базалык инфляциянын, ошондой эле калктын жана экономикалык субъекттердин инфляциялык күтүүлөрүнүн мындан аркы төмөндөшү 2024жыл ичинде акча-кредит саясатын иштеп чыгууда жана жүргүзүүдө негизги артыкчылык болуп саналат.  

Кыргыз Республикасынын экономикасында жогору жигердүүлүк сакталып турат, 2023-жыл жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДӨнүн өсүш арымы 6,2 пайызды түзгөн, бул кызмат көрсөтүүлөр секторунун жана иштеп чыгаруу өнөр жайынын олуттуу салымынын эсебинен калыптанган. Ички суроо-талап жогору деңгээлде сакталууда, бул керектөө кредиттеринин көлөмүнүн өсүшүнүн, эмгек акылардын жогорулашынын жана акча которуулар агымынын өсүшүнүн натыйжасында шартталган.  

Монетардык саясаттын жүргүзүлүп жаткан багыты калктын жыйым топтоону күчөтүүсүн шарттайт. Коммерциялык банктардын ресурстук базасынын артышы байкалууда. 2023-жыл жыйынтыгы боюнчадепозиттик базанын көлөмү 2022-жылдагы көрсөткүчкө салыштырганда 27,3 пайызга жогорулап, 431,3 млрд сомго жакынды түзгөн. Мында, банк сектору экономиканы жигердүү кредиттөө ишин улантууда. Кредит портфелинин көлөмү 2023-жылы4 26,3 пайызга, 257,8 млрд сомго чейин өскөн. Жалпы алганда, финансы-кредит уюмдарынын ишинин негизги көрсөткүчтөрүнүн туруктуулугу жетиштүү экендигин тастыктоодо, бул банк системасынын туруктуулугун сактоого мүмкүндүк берет. Коммерциялык банктар жетиштүү көлөмдө улуттук валютадагы ликвиддүүлүккө ээ. Ички валюта рыногу салыштырмалуу туруктуу абалда сакталууда. 

Тышкы жана ички экономикалык чөйрөнүн өнүгүү шарттарын, ошондой эле дале эки орундуу көрсөткүчтөр деңгээлинде сакталып турган базалык инфляциянын динамикасын эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 13,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Бул чечим өлкөдө инфляциялык процесстерди мындан ары да басаңдатууга жана инфляцияны орто мөөнөттүү мезгил аралыгында 5-7 пайыз максаттуу маанилер чегинде калтырууга багытталган. 

Улуттук банк тышкы чөйрөдө сыяктуу эле, жергиликтүү экономикада да түптөлүп жаткан жагдайга көз салып турууну улантат. Кандайдыр бир тобокелдиктер орун алган учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча корректировкаларды киргизиши мүмкүн.  

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландалган отуруму 2024-жылдын 26-февралында өтөт. 


2024-жылдын 19-январына карата абал боюнча.

2023-жылдын 11 айы үчүн алынган маалымат боюнча.

3, 4  Алдын ала алынган маалымат боюнча.