Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасында Ачык банкингди өнүктүрүү концепциясынын долбоорун (мындан ары – долбоор) коомдук талкууга сунуштайт.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Кызыкдар тараптар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 14-февралынан кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, ошондой эле электрондук версиясын akerimkulov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.