Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

БИЛДИРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) санарип сомду укуктук жөнгө салуу маселеси боюнча анын жөнгө салуучу таасирин талдоо, ошондой эле кызыкдар жактардан сунуштарды кабыл алуу башталгандыгын маалымдайт. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 25-майындагы № 2022-П-14/32-3-(ПС) токтому менен бекитилген «Санарип сом концепциясынын» 9-бөлүгүнүн 3-пунктун аткаруу жана ишке ашыруу, санарип сомду колдонууга киргизүүнүн укуктук жана жөнгө салуу маселелерин иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду киргизүү максатында, Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына «санарип сом» санарип валютасынын укуктук статусу жана санарип сомду жөнгө салуу маселелерин иштеп чыгуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо иши демилгеленүүдө.  

Санарип сом Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын (кыргыз сомунун) кошумча формасы, ал Улуттук банк тарабынан санарип түрүндө чыгарылат жана анын милдеттенмеси жана акчанын үчүнчү формасы болуп саналат. 

Учурда Кыргызстанда улуттук валютанын эки формасы колдонулууда Улуттук банк тарабынан чыгарылган накталай акча белгилери (сом, тыйын) жана накталай эмес төлөмдөр коммерциялык банктардагы жана Улуттук банктагы эсептердеги акча каражаттары түрүндө.  

Улуттук банкта корреспонденттик эсептер коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы жана башка атайын катышуучулар үчүн ачылат. Санарип сомдун прототиби боюнча долбоорду ишке ашыруу модели катары эки деңгээлдүү чекене модель саналат, ал катышуучулар ортосунда өз ара эсептешүүлөр учурундагы циклден жана катышуучулардын ролунан айырмаланбайт/өзгөчөлөнбөйт. Эмитенттин ролу, катышуучулардын жана колдонуучулардын ролу калат. Долбоорду ишке ашыруудагы бирден-бир айырмачылык катары анын технологиялык чечими, республиканын алыскы аймактарында финансылык жеткиликтүүлүк жагынан өзгөчөлүгү/жаңычылдыгы, интернетсиз төлөмдөрдү төлөө (офлайн төлөмдөр), санарип сом платформасында төлөм системаларынын катышуучулары ортосунда санарип контракттарды коопсуз түзүү жана анын ыкмалары (smart-contract) саналат, бул айкын убакыт ыргагында эсептешүү процессин тездетет. 

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты 

Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты катары Кыргыз Республикасынын төмөнкү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу Кыргыз Республикасынын үчүнчү акча формасынын укуктук статусун ишке киргизүү маселесин иштеп чыгуу саналат: 

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамы; 

- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; 

- Кыргыз Республикасынын Бюджет кодекси; 

- Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамы; 

- Кыргыз Республикасынын «Төлөм системасы жөнүндө» мыйзамы; 

- Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы; 

- Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; 

- Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси 

- ж.б. 

 

3. Сунушталган жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү 

Санарип сомду ишке киргизүүнүн укуктук жана жөнгө салуу маселелерин изилдөө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу санарип сомдун юридикалык жактан маанилүүлүгү үчүн белгилүү бир сунуш-көрсөтмөлөрдүн тизмегин иштеп чыгууга жана тең салмактуу ченемдик укуктук чөйрөнү түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр, анын ичинде терминологиялык аппаратты, системанын катышуучуларынын ролун, укуктарын жана милдеттерин бекемдөө, келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди контролдоо үчүн жөнгө салуучу механизмдер, ПФТД/ЛПД аспектилери ж.б. аныкталат жана иштелип чыгат. 

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү 

Санарип сом валютасын колдонууга киргизүүдөн терс кесепеттердин келип чыгышы күтүлбөйт, анткени санарип сом калк күндөлүк турмушта накталай жана накталай эмес акча каражаттарын колдонуусун чектебейт. 

 

5. Ишкердик субъекттери жөнгө салуу адресаттары боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү 

Сунуш кылынган жөнгө салуу санарип сомдун эмитенти жана санарип сом платформасынын оператору болуп саналган Улуттук банктын, төлөм системаларынын катышуучуларынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын, бюджеттик уюмдардын жана санарип капчыкты колдонуу менен санарип сомду колдонуучулардын ишине тиешелүү.  

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдасын болжолдуу баалоо 

Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдө Улуттук банктын жана төлөм системасынын катышуучуларынын бюджетинен кошумча финансылык чыгашалар талап кылынат. 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну ишке киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинен чыгашаларды жана пайдаларды болжолдуу баалоо 

Бул мыйзам долбоорун ишке ашырууда санарип сомдун укуктук статусун киргизүү жана акча каражаттарын санарип формада которуу менен Улуттук банктын нак акча белгилерин чыгарууга чыгашасы азаят. 

 

Билдирүүгө төмөнкүлөр тиркелет: 

1. Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеси: 

- көрсөтүлгөн көйгөйлөр Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу чечүүнү талап кылган көйгөй болуп саналабы же Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын чегинде жөнгө салуу жетиштүүбү

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү); 

- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы мүмкүн; 

- көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу альтернативдүү ыкмалары барбы; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөр боюнча жалпы пикир; 

- жогоруда белгиленген проблемалардын алкагында Кыргыз Республикасынын дагы кайсы мыйзам актыларын кайра карап чыгуу зарыл жана комплекстүү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Суроолордун тизмеси кеңейтилиши мүмкүн. 


Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу: 

   

- электрондук почта аркылуу 

abakesarieva@nbkr.kg / mail@nbkr.kg 

- почта дареги аркылуу 

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы 

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 

2024-жылдын 10-февралы 

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2024-жылдын 19-февралы