Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 1-февралынан 4-февралына чейин Германиянын Берлин шаарындагы World Money Fair акча каражаттарынын бүткүл дүйнөлүк көргөзмө-конференциясына катышты.  

Конференциянын алкагында эстелик коллекциялык монеталарды чыгаруунун актуалдуу маселелери, монеталарды өндүрүүдө жаңы технологияларды колдонуу, нумизматика рыногун өнүктүрүү өзгөчөлүктөрү, монеталардын заманбап программалары, монеталарды илгерилетүү ыкмалары ж. б. талкууланды.  

Улуттук банктын Бүткүл дүйнөлүк акча көргөзмөсүнө катышуусунун максаты Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын улуттук валюта аркылуу көрсөтүү жана жайылтуу болгон. 

Көргөзмөдө Улуттук банктын экспозициясы «Тарыхый окуялар», «Кыргыз каганатынын доору», «Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери», «Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары монеталарда», «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары», «Улуттук музыкалык аспаптар», «Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар», «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары», «Кыргызстандын Кызыл китеби» сыяктуу серияларда чыгарылган Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурасын чагылдырган банкноттор жана коллекциялык монеталар менен көрсөтүлдү.  

Эстелик монеталар жана улуттук валютанын банкноттору нумизмат коллекционерлеринин гана эмес, нумизматика тармагынын адистеринин, ошондой эле эксклюзивдүү буюмдарды сүйүүчүлөрдүн да чоң кызыгуусун жаратты.