2024-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, микрофинансылык сектордун, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана финансылык институттардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» ЮЖБ тарабынан уюштурулган тегерек стол болуп өттү

Тегерек столдун жүрүшүндө микрофинансылык сектордун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү Микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (мындан ары план) аткаруунун жыйынтыктарын, ошондой эле планга микрокаржылоо сектору тарабынан берилген кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө өбөлгө түзүү, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга финансылык кызматтарды көрсөтүүдө банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, аялдардын ишкердүүлүгүнө дем берүү жана колдоо көрсөтүү, ошондой эле өзүн-өзү жөнгө салуу институтун түзүү боюнча иш-чараларды алып салуу жагында киргизилген өзгөртүүлөрдү талкуулашты.  

Тегерек столдо Кыргыз Республикасынын Улуттук банк тарабынан микрофинансылык сектордун кредиттери боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү жана жоопкерчиликтүү кредиттөөнүн деңгээлин жогорулатуу зарылчылыгына негизги басым жасалган.