Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 14-февралында № 2024-П-12/5-4-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомун кабыл алды. Бул токтомдун максаты болуп, Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү саналат. 

Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.