2024-жылдын 16-февралында Улуттук банкта «Глобалдуу акча жумалыгы-2024» кеңири масштабдуу маалымат берүү-агартуу кампаниясын Кыргызстанда өткөрүү боюнча өнөктөш уюмдардын жолугушуусу болуп өттү. Анын алкагында дүйнөнүн 170тен ашык өлкөлөрүндө финансылык сабаттуулук боюнча иш-чаралар  өткөрүлүүдө.  

Глобалдуу акча жумалыгынын максаты - бардык балдар менен жаш муунга жогорку сапаттагы финансылык билимдин жеткиликтүү болушун, акчаны сарамжалдуу колдонуу маданиятын калыптандырууну, келечекте финансылык туруктуулук менен бакубат турмушун жакшыртууга мүмкүндүк берген туура финансылык чечим кабыл алуу үчүн акчанын мааниси тууралуу билимге ээ болууларын камсыз кылуу.  

Өтүп жаткан жылдын март айында Глобалдуу акча жумалыгынын алкагында төмөнкүдөй бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда: ачык эшик күндөрү, лекциялар, интерактивдүү оюндар, финансылык мекемелерге экскурсиялар жана сынактар. Иш-чаралардын толук тизмеси Улуттук банктын расмий сайтында жана финансылык сабаттуулук боюнча www.finsabat.kg сайтында жайгаштырылат.  

Маалымат үчүн: Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы-2024 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, эл аралык уюмдар жана өлкөнүн финансы-кредит уюмдары менен биргеликте өткөрүлүп жатат.