Улуттук банк Талас областынын журналисттери үчүн 

окутуу семинарын өткөрдү 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 21-февралында Талас областынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн «Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларын өнүктүрүү» темасында окутуу семинарын өткөрдү.   

Семинардын жүрүшүндө өлкөнүн башкы банкынын ролу, функциялары, республиканын региондорунда банк жана төлөм системаларын өнүктүрүү, QR-код колдонуу аркылуу төлөө жана акча которуу, финансы-кредит уюмдарынын кызматтарын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, ошондой эле санарип төлөм инструменттерин кошо алганда, банк жана төлөм системаларын өнүктүрүү келечеги тууралуу маалымат берилди.   

Жолугушуунун жыйынтыгында Улуттук банк тарабынан QR-кодду колдонуу аркылуу төлөм жүргүзүү ыкмалары тууралуу буклеттер таратылды.   

Улуттук банк мезгил-мезгили менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн окутуу семинарларын өткөрүп турат жана бул багытта иштерди мындан ары да улантат.