Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 26-февралында эсептик ченди 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2024жылдын 27-февралынан тартып күчүнө кирет.  

Кыргыз Республикасында инфляциянын жылдык көрсөткүчү 2024-жылдын февраль айында 2023-жылдын декабрындагы 7,3 пайыз деңгээлинен 5,0 пайызга чейин төмөндөгөн. Азык-түлүк товарларына баанын өсүшү мурдагыдай эле басаңдоосун улантууда, ал эми азык-түлүктөн башка товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баанын төмөндөөсү кыйла жай тенденцияны көрсөтүүдө. Айкын инфляциянын түптөлүшүнүн негизги факторлору болуп, ички суроо-талаптын жогорку деңгээлде сакталып турушу, ошондой эле тарифтик саясатты, көбүнчө коомдук транспорт кызмат көрсөтүүлөрүнө кайра карап чыгуунун таасири саналган. 

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн тышкы экономикалык шарттар дүйнө жүзүндө геосаясий жагдайга байланыштуу уланып жаткан жогорку белгисиздик жана дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунда баалардын өзгөрүлмөлүүлүгү менен мүнөздөлөт. Алдыңкы өлкөлөрдүн акча-кредит саясатынын катуулатылышынын натыйжасында глобалдык инфляциянын акырындап басаңдоосу байкалууда.  

Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүктүн өсүшү уланууда. 2024-жылдын январь айында реалдуу ИДӨнүн өсүш арымы 7,4 пайызды түзгөн, буга негизги салым өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана курулуш секторлору тарабынан камсыз кылынган. Ички керектөө бюджеттик жана жеке секторлордун реалдуу эмгек акыларынын жогорулашы, керектөө кредиттөөсүнүн көбөйүүсү жана өлкөгө акча которуулардын таза агылып кирүүсүнүн өсүшү менен колдоого алынат. Салык-бюджет секторунда фискалдык консолидациялоо саясатын жүргүзүү өлкөдө баа динамикасына ооздуктоочу таасирин тийгизет.  

Банк сектору негизги көрсөткүчтөрдүн туруктуулугун сактап турат жана өсүш арымын көрсөтүүдө. Калктын каражат топтоо аракетинин күчөшүнөн улам коммерциялык банктардын ресурстук базасы өсүүдө. Банктар аралык акча рыногу жана ички валюта рыногу туруктуу бойдон калууда. Жалпысынан банк системасында улуттук валютадагы үстөк ликвиддүүлүктүн жогорку деңгээли сакталууда. 

Кыска мөөнөткө каралган келечекте өлкөдө инфляция көрсөткүчү инфляция боюнча орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчтүн чегинде 5-7 пайыз түптөлүшү күтүлүүдө. Улуттук банк тарабынан көрүлгөн чаралар азык-түлүктөн башка товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүш арымын, жалпысынан базалык инфляция деңгээлин төмөндөтүүгө багытталат, бул азыркы учурда инфляция боюнча максаттуу көрсөткүчтүн маанисинен жогору бойдон калууда. 

Ички жана тышкы чөйрөдө түптөлгөн шарттарды жана өнүгүү тенденцияларын эске алуу менен, Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 13,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Кабыл алынган чечим инфляцияга түрткү берүүчү факторлорду чектөөгө жана орто мөөнөттүү мезгил аралыгында инфляциянын көрсөткүчүн максаттуу көрсөткүчтүн 5-7 пайыз чегинде кармап турууга өбөлгө түзөт. Учурдагы акча-кредит шарттарын кармап туруу калктын жана экономика субъекттеринин инфляция боюнча күтүүлөрүнүн деңгээлин басаңдатууга шарт түзөт. 

Улуттук банк туруктуу негизде тышкы чөйрөдө, ошондой эле жергиликтүү экономикада түзүлгөн кырдаалга байкоо салып турат. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча корректировкаларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштырат. 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чендин өлчөмү жөнүндө маселе боюнча кийинки пландык отуруму 2024-жылдын 29-апрелинде өткөрүлөт.