Борбордук (улуттук) банктардын персоналды окутуу боюнча кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун алкагында «Кадр процесстерин автоматташтыруу» семинары 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы борбордук (улуттук) банктардын персоналды окутуу боюнча кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун алкагында кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларга жигердүү катышууда. 

Макулдашуунун тараптары болуп, Беларусь Республикасынын Улуттук банкы, Казакстан Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Россия Федерациясынын Борбордук банкы, Армения Республикасынын Борбордук банкы, Тажикстан Республикасынын Улуттук банкы, ошондой эле Казакстан Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча агенттиги саналат. 

Макулдашуунун алкагында Тараптар өз ара тажрыйба алмашуу, окуу жана консультациялык иш-чараларды өткөрүшөт, Борбордук банктын ишинин актуалдуу көйгөйлөрү боюнча Тараптардын адистерин өз банктарында окутууга кабыл алышат. 

Макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 20-22-февралында Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын окутуучусу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын базасында “Кадрлар процесстерин автоматташтыруу” темасында корпоративдик окутуу иш-чарасын өткөргөн. 

Жогоруда көрсөтүлгөн окутуунун актуалдуулугун, ошондой эле корпоративдик окутуунун алкагында кызматкерлердин кеңири камтылышын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы борбордук (улуттук) банктардын адистеринин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле эл аралык байланышты бекемдөө максатында өз ишин улантат.