2024-жылдын 27-февралында Улуттук банкта Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралынын Төрагасы Гомбожавын Занданшатардын расмий сапарынын алкагында Улуттук банктын төрагасынын орун басары М.Ж. Жакыпов менен Монголия банкынын төрагасы Бядрангийн Лхагвасурэн жана Монголиянын Финансылык жөнгө салуу комиссиясынын төрагасы Баярсайхан Дэмбэрэлдаш менен жолугушуу болуп өттү.  

Ошондой эле жолугушууга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы М.Т. Пирназаров, Монголиянын банктар Ассоциациясынын аткаруучу директору Лхагвасурэн Амар жана Монголиянын Сактык жана камсыздандыруу корпорациясынын өкүлү Батмунх Бадрал катышты. Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын жана Монголиянын финансылык институттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу, банк жана финансы чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экендигин билдиришти. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси А.У. Жапаровдун жана Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралынын Төрагасы Г. Занданшатардын катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Монголия банкынын ортосунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Монголиянын Финансылык жөнгө салуу комиссиясынын ортосунда кызматташуу боюнча ведомстволор аралык меморандумдарга кол коюлду.