Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2024-жылдын 29-февралында Улуттук банктын төрагасынын орун басары М.Ш. Аттокуровдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, коммерциялык банктардын жана «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.  

             Отурумдун жүрүшүндө төлөм системасына байланыштуу актуалдуу маселелер каралды. Тактап айтканда, коммерциялык банктар тарабынан калктан мүлккө салык төлөмдөрүн кабыл алууну автоматташтыруу каралып, анын жыйынтыгы боюнча коммерциялык банктардын ишин активдештирүү сунушталды. Төлөм QR коддору аркылуу товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында, Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын катышуусу менен коммерциялык банктар тарабынан төлөм QR коддорун жайылтуу маселеси да каралды. 

             Коммерциялык банктардын тарифтерин талкуулоонун алкагында Улуттук банк кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. 

Отурумдун жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын коммерциялык банктардын жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын мамлекеттик ички төлөмдөргө карата талаптарын ишке ашыруу маселеси да талкууланды.