Кыргыз Республикасы Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын рейтингдик агенттиктерди таануу маселеси боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин финансы чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүүнүн алкагында рейтингдик агенттиктердин тышкы баалоолорун кеңири колдонуу максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында ((koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.