2024-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Ислам өнүктүрүү банкынын Ысык-Көл жана Нарын облустарында сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү боюнча долбоору менен биргеликте «Ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүүдө финансылык сабаттуулуктун ролу» темасында форум өткөрдү.
Форумдун максаты – ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүү маселелеринде калктын финансылык сабаттуулугунун жана маалымдуулугунун ролун белгилөө болуп саналат.
Форумдун жүрүшүндө ислам каржылоо принциптери боюнча мамлекеттик жана расмий тилдеринде китептердин бет-ачаары болуп өттү: «Ислам каржылоо принциптери»1, «Ислам в реалиях современной экономики»2, «Ислам банкинги боюнча суроо-жооптор»3.
Форумга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, министрликтердин жана ведомстволордун, финансы-кредиттик уюмдардын, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү жана башкалар катышты.
_______________________
1 AAOIFIнин «Шариат стандарттары жана Шариат башкаруусу» китебинин «А» бөлүмү. AAOIFI – ислам финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюму ислам финансылык мекемелер үчүн Шариат жана бухгалтердик эсептин эл аралык стандарттарын белгилейт.
2 Мухаммад Таки Усманинин «Ислам в реалиях современной экономики» деген китеби. Мухаммад Таки Усмани – ислам экономикасы жана финансы тармагындагы дүйнөгө белгилүү окумуштуу, Шариат кеңешинин төрагасы.
3 Брошюра Улуттук банк тарабынан даярдалган.