Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 28-февралында № 2024-П-12/8-3-(НПА) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/Улуттук банктын ченемдик актылары/Банк эмес финансы мекемелер ишин жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.