Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 119-р буйруусу менен бекитилген 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын финансылык жеткиликтүүлүгүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу алкагында, 2024-жылдын 4-6-мартында Aflatoun International эл аралык уюму менен биргеликте финансылык сабаттуулук компетенцияларын билим берүү стандарттарына киргизүү боюнча улуттук семинар өткөрдү

Иш-чарага жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынан жана Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынан балдарды жана жаштарды социалдык жана финансылык жактан тарбиялоо жаатындагы демилгелерди илгерилетүүгө кызыкдар өкүлдөр катышты. Aflatoun International программаларынын компетенцияларын «Адам жана коом» предметинин билим берүү стандартына ылайыкташтыруу пландаштырылууда. 

Маалымат үчүн: 

Aflatoun International - бул балдар жана жаштар үчүн социалдык жана финансылык билим берүү программаларын ишке ашыруу менен 109 өлкөдө 300дөн ашуун өнөктөш уюмдар менен иштеген өнөктөш уюмдардын динамикалык тармагы.