Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана мамлекеттик коммерциялык банктарынын башчыларынын Лондондогу (Улуу Британия) иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Боконтаевдин жетекчилигинин алдында бир катар эки тараптуу жолугушуулар болуп өттү.  

Чет өлкөлүк банктар жана эл аралык финансылык институттар менен кызматташууну тереңдетүү максатында, делегация J.P. Morgan банкынын Африка жана КМШ боюнча башкаруучу директору, сатуу башкармалыгынын жетекчиси Лорен Лалу жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү  банкынын башкаруучу директору Франсис Малиж башында турган өкүлдөр менен жолугушту. 

Тараптар Кыргыз Республикасынын учурдагы экономикалык абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинде финансы секторунда туруктуулукту сактоо маселелерин талкуулашты, кызматташуунун негизги багыттарын жана корреспонденттик эсептердин тармагын кеңейтүүгө байланыштуу аспектилерди аныкташты. 

Мындан тышкары, жашыл экономика жана туруктуу каржылоо темалары козголду. Жолугушуунун катышуучулары ишке инновациялык жана экологиялык жактан туруктуу мамиле түзүүгө кызыгуусун билдиришти. 

Улуттук банктын төрагасы ачык диалогдун маанилүүлүгүн белгилеп, көтөрүлгөн демилгелерди ишке ашырууда биргелешкен аракеттерге даяр экенин билдирди. 

Жыйынтыгында, тараптар белгиленген багыттар боюнча кызматташууну улантуу ниетин билдиришти.