2024-жылдын 18-мартынан тартып 24-март күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында өтө турган «Акча тапсаң сакта, келечекке пайда» деген ураан менен Глобалдуу акча жумалыгы өтөт, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар мектептерде финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды, жогорку окуу жайларда лекцияларды жана тренингдерди өткөрөт. 

Мындан тышкары, социалдык тармактарда #GMWKyrgyzstan2024 хештеги менен жайгаштырылган экскурсияларды, коммерциялык банктарда ачык эшик күндөрүн, балдардын сүрөттөрү, видеороликтери боюнча сынактарды жана башка  ар кандай иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда. 

Глобалдуу акча жумалыгы-2024 алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында, www.finsabat.kg Финсабат сайтында жана Улуттук банктын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жайгаштырылган. 

Маалымат үчүн: 

Глобалдуу акча жумалыгы (Global Money Week) бул балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү кеңири масштабдуу кампания. 

 

Иш-чаралар күндөлүгү шилтемеде.