Глобалдуу акча жумалыгын өткөрүүнүн алкагында 2024жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика факультетинин студенттери жана окутуучулары үчүн «Акча тапсаң – сакта, келечекке пайда» деген ураан менен финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрүлдү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү студенттерге өлкөнүн башкы банкынын ролу жана функциялары, улуттук валютабыз – кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, өнүгүү баскычтары жана анын коргоо белгилери, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктары, ошондой эле үй-бүлө бюджетин пландаштыруу, акча каражаттарын туура топтоо жана инвестициялоо боюнча маалымат берилди.
Лекцияга келгендер үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык нумизматикалык монеталардын көргөзмөсү уюштурулду.