Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 2024-ЗСД-КОМ-КПС-6/1 токтому менен «Грин Телеком Сервис» Жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары «ГТС» ЖЧК) атайын жөнгө салуу режиминин алкагында 2022-жылдын 20-октябрынан 2024-жылдын 19-мартына чейин жүргүзүлгөн төмөнкү банктык операциялардын чектелген тизмесинин жүзөгө ашырылышын тесттен өткөрүү ийгиликтүү деп табылды: 

- виртуалдык карталар жана/же кадимки карталар түрүндө «О! Деньги» электрондук капчыгынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган төлөм карталарын чыгаруу (эмиссия). 

«ГТС» ЖЧКнын атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөтү тесттен өткөн операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системалары операторлору/төлөм уюмдары тарабынан сунушталышына тоскоолдуктарды жокко чыгаруучу тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алганга чейин узартылды. 

«ГТС» ЖЧКнын атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиясынын мөөнөтү 2024-жылдын 20-сентябрына чейин узартылды. 

«ГТС» ЖЧК атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу болуп саналат.