Кыргыз Республикасынын Баткен областында жашап жаткан жарандарга жана чарба ишин жүргүзгөн субъекттерге каржылоодон пайдалануу мүмкүндүгүн арттыруу, административдик-аймактык бирдиктерди, анын ичинде 2022-жылдын сентябрь айында Баткен областында куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2024-жылдын 20-мартында № 2024-П-12/12-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому (мындан ары токтом) кабыл алынган. 

Токтомго ылайык Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2-(НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган, коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» жана 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» эки токтомунун (мындан ары токтомдор) колдонуу мөөнөттөрү 2024-жылдын 30-сентябрына чейин узартылды. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.