2024-жылдын 18-мартынан тартып 20-март күндөрү Глобалдуу акча жумалыгы 2024 иш-чарасынын алкагында, «Акча тапсаң сакта, келечекке пайда» деген ураан менен Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинин студенттерине, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин гуманитардык-табыгий факультетинин студенттерине жана М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин студенттерине ачык эшик күндөрү уюштурулуп «Улуттук валютанын өнүгүү этаптары», «Улуттук валютанын коргоо белгилери», «Кредит» жана «Депозит» деген темалар боюнча лекциялар окулду

Мындан тышкары, Кара-Суу районуна караштуу № 101 К.А.Момбекова атындагы орто мектебинин окуучуларына «Улуттук валютанын коргоо белгилери», «Кредит» жана «Аманат» темалары боюнча атайын көчмө лекциясы уштурулуп өткөрүлдү