Финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү 

20-август, Ош областынын Кара-Кулжа районунда КР Улуттук банкы менен КР Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгынын алкагында биргелешип уюштурган, «Финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү» темасында тегерек стол болуп өттү

Аталган иш-чарага Улуттук банктын, айыл аймактарынын, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун, «Кепилдик фонд» ААКтын, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын, өлкөнүн коммерциялык банктарынын жана жергиликтүү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана райондун акими катышты. 

Бул иш-чара финансы институттары менен райондун бизнес-коомчулуктарынын ортосунда натыйжалуу карым-катышты түзүү максатында жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусу менен уюштурулган. Тегерек столдун жүрүшүндө жөнгө салуучу жана бүтүндөй банк сектору тарабынан калкты жана ишкерлерди сапаттуу, жеткиликтүү банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу жагында көрүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү маалымат беришти».