Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 12-декабрындагы № 2018-П-14/53-8-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо талабына ылайык, «Карман» жоопкерчилиги чектелген коому төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын реестринде каттодон өттү

«Карман» жоопкерчилиги чектелген коому 2019-жылдын 26-августунда төмөнкү иш багыттарын жүргүзүү укугуна лицензияларды алды: 

№ 3025260819 маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына өз ишинин натыйжасынан болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

№ 2025260819 үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо.