Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобонун 74-1-пунктуна ылайык, 2019-жылдын 30-октябрынан тартып төмөнкү эл аралык электрондук акча системаларынын операторлорунун Улуттук банкта каттоодон өткөндүгү жокко чыгарылгандыгын маалымдайт»:
1. «WOOPPAY» (ВУППЭЙ) жоопкерчилиги чектелген шериктештиктин
2017-жылдын 15-мартындагы 5002150317 каттоо номери;
2. «ГЛОБПЭЙ» жоопкерчилиги чектелген коомунун 2018-жылдын 21-июнундагы 5006210618 каттоо номери;
3. «RPS Asia» жоопкерчилиги чектелген шериктештиктин 2018-жылдын
21-июнундагы 5005210618 каттоо номери».