Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2019-жылдын 18-ноябрында Улуттук банктын төрагасы Т.С. Абдыгулов Швейцария Улуттук банкынын эксперттери акча жана валюта рыногу департаментинин башчысы Марсель Циммерман жана улук экономисти Насиба Имаралиева менен жолугушту.  

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасы Швейцария Улуттук банкынын банк иши жагында тажрыйбасын изилдөөгө кызыкдар экендигин белгиледи. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Швейцария Улуттук банкынын кызматташуусун өнүктүрүүнүн алкагында Марсель Циммерманн 2019-жылдын 18-ноябрынан тартып 20-ноябрына чейин Улуттук банктын кызматкерлери үчүн семинар болуп өттү