Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик чен өлчөмүн 4,25 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

Улуттук банк Башкармасы 2019-жылдын 25-ноябрында эсептик чен өлчөмүн (негизги ченди) 4,25 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чечим 2019-жылдын 26-ноябрынан тартып күчүнө кирет.  

Кыргыз Республикасында баалардын жалпы деңгээли, негизинен азык-түлүккө болгон баалардын эсебинен, бир калыпта калыбына келүүсү байкалган. Ноябрь айында (15-ноябрга карата) инфляциянын жылдык мааниси 2,5 пайыз деңгээлинде түптөлгөн.  

Инфляция динамикасы Улуттук банктын күтүүлөрүнүн алкагында орун алууда. Инфляция боюнча мурдагы болжолдоолор сакталган: 2019-жылдын акырына карата инфляциянын 3,5 пайызга жакын болушу (2019-ж. дек./2018-ж.дек), ал эми анын орточо жылдык мааниси 1,5 пайыздан жогору эмес түптөлүшү күтүлүүдө. Улуттук банк ички жана тышкы таасирлер жок болгон учурда инфляцияны акырындап орто мөөнөттүү максаттуу көрсөткүч 5-7 пайызга жакындай тургандыгын болжолдоодо. 

Реалдуу сектордо экономикалык жигердүүлүк сакталууда. 2019-жылдын январь-октябрь айларында реалдуу ИДӨ 5,7 пайызга, ал эми “Кумтөр” ишканаларынын продукцияларынын өндүрүлүшү боюнча маалыматтарды эске албаганда 3,3 пайызга өскөн. Өндүрүш көлөмүнүн жогорулашы экономиканын бардык негизги секторлорунда байкалган, ага негизги салымды өнөр жайы кошкон. Ички суроо-талап кармалып турган динамиканы көрсөтүүдө, ал эми өлкөгө акча которуулардын агылып кирүү көлөмүнүн азаюу тенденциясы анын начарлап кетүүсү үчүн өбөлгө түзүүнү шарттайт. 

Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатынын түрткү берүүчү багыты экономиканы кредиттөөнү жогорулатууга жана акырындап акыркы керектөөчүлөр үчүн кредиттик ресурстар наркын төмөндөтүүгө өбөлгө түзгөн. Коммерциялык банктардын ресурстук базасын кеңейтүү иши уланууда. Банктар аралык кредит рыногунун активдүүлүгү жетиштүү деңгээлде сакталууда. Жалпысынан акча рыногу кыска мөөнөттүү пайыздык чендердин негизги ченге жакындаганын көрсөтүүдө. Улуттук банк үстөк ликвиддүүлүктөн арылтуу операцияларын жүргүзүүнү улантууда, мында банк тутумунда анын акырындап төмөндөө тенденциясы байкалат. Ички валюта рыногунда жагдай туруктуу.  

Кыргыз Республикасынын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүнүн экономикаларынын 2020-2021-жылдарга белгиленген өсүү тенденциясын сактоо тууралуу болжолдоолор, орто мөөнөттүү келечекте дүйнөлүк товардык чийки зат рыногунда баалардын салыштырмалуу туруктуулугун сакталышы жана ички өнүгүү шарттарына баа берүүлөр Кыргыз Республикасында инфляциянын орто мөөнөттүү келечекте акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүчүнүн алкагында, 5-7 пайыз чегинде, түптөлүшүн күтүүгө мүмкүндүк берет. Мындай шарттарда эсептик ченди сактоо чечими кабыл алынган. Ички жана тышкы чөйрөдө тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк акча-кредит саясатынын учурдагы багытын корректировкалоо мүмкүнчүлүгү менен кайра карап чыгышы мүмкүн.  

Улуттук банк тышкы жана ички факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине туруктуу негизде баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын кабыл алат.  

 

Маалымат үчүн: 

Эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселени кароо боюнча Улуттук банк Башкармасынын кийинки отуруму 2019-жылдын 23-декабрында өткөрүлөт. 

1-график. Кыргыз Республикасында жалпы инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде) (пайыздарда)

2-график. Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде) 

3-график. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени (пайыздарда)