Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2019-жылдын 11-декабрында төмөнкү токтомдорду кабыл алды:
- «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» № 2019-П-14/62-5-(ПС);
- «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» № 2019-П-14/62-6-(ПС).
Бул токтомдор төлөмдөрдү инновациялык инструменттер менен жүргүзүүнү кеңейтүүгө, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын калкты аралыктан тейлөөсүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган, аймактарды өнүктүрүү жана экономиканы санариптештирүү демилгесинин алкагында кабыл алынган.
Токтомдор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/Төлөм системасы бөлүгүндө жайгаштырылган.