Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик чен өлчөмүн 4,25 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2019-жылдын 23-декабрында эсептик чен өлчөмүн (негизги ченди) 4,25 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чечим 2019-жылдын 24-декабрынан тартып күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасында инфляция бир калыпта сакталган динамиканы көрсөтүү менен Улуттук банктын күтүүлөрүнүн чегинде орун алган. Декабрь айында (13-декабрга карата) инфляция жылдык мааниде 2,9 пайыз деңгээлинде катталган. Мындай көрсөткүч азык-түлүк товарларына баалардын кошкон алгылыктуу салымынын эсебинен түптөлгөн. Базалык инфляция көрсөткүчү төмөнкү деңгээлде сакталган. 

Улуттук банктын 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча болжолдоолоруна ылайык, инфляциянын орточо жылдык мааниси 1,2 пайыз аралыгында түптөлөт, ал 2020-жылы дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунда баалардын калыбына келүүсүнөн улам, ошондой эле ички жана тышкы таасирлер жок болгон учурда, акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүчү 5-7 пайыздан ашпайт. Дүйнөлүк жана регионалдык рыноктордо жакынкы аралыкта күтүлгөн тенденциялар Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн олуттуу инфляция тобокелдиктерин жаратпайт. 

Реалдуу сектордо экономикалык жигердүүлүк сакталууда. 2019-жылдын январь-ноябрь айларында реалдуу ИДӨ 4,9 пайызга, ал эми «Кумтөр» ишканалары өндүргөн продукциялар боюнча маалыматтарды эске албаганда 3,5 пайызга өскөн. Өндүрүш көлөмүнүн жогорулашы экономиканын бардык негизги секторлорунда байкалган, мында өндүрүш сектору негизги салымды кошууну уланткан.  

Экономиканын монетардык жана финансы секторлорунда алгылыктуу тенденциялар сакталып турган катары мүнөздөөгө болот. Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатынын чаралары акча рыногунда кыска мөөнөттүү пайыздык чендердин өзгөрүлмөлүүлүгүн төмөндөтүүгө, алардын негизги чен көрсөткүчүнө жакын түптөлүшүнө шарт түзгөн. Учурдагы жылдын башынан тартып, депозит базасынын туруктуу өсүү тенденциясы, ошондой эле коммерциялык банктардын кредит портфелинин көлөмүнүн өсүшү байкалган. Банк сектору үстөк ликвиддүүлүктүн жогорку көлөмүнө ээ болгондуктан, Улуттук банк тарабынан арылтуу операцияларынын жүргүзүлүшүн улантууну шарттаган. Экономиканын долларлашуу деңгээли да төмөнкү тенденцияда сакталган. 

Кыргыз Республикасынын экономикасынын жана анын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүнүн экономикаларынын өнүгүшү, ошондой эле дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунун келечекте өнүгүшү боюнча болжолдоолор Кыргыз Республикасында инфляциянын орто мөөнөттүү келечекте акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүчүнүн алкагында, 5-7 пайыз чегинде, түптөлүшүн күтүүгө мүмкүндүк берет. Мындай шарттарда эсептик ченди 4,25 пайыз деңгээлинде сактоо чечими кабыл алынган. Ички жана тышкы чөйрөдө тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк акча-кредит саясатынын учурдагы багытын корректировкалоо мүмкүнчүлүгү менен кайра карап чыгышы мүмкүн.  

Улуттук банк тышкы жана ички факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине туруктуу негизде баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын кабыл алат.  

 

Маалымат үчүн: 

Эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселени кароо боюнча Улуттук банк Башкармасынын кийинки отуруму 2020-жылдын 27-январында өткөрүлөт. 

1-график. Кыргыз Республикасында жалпы инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде) 

2-график. Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде) 

3-график. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени 

(пайыздарда)