Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө»» жобону бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт (мындан ары долбоор).  

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар жана төлөм уюмдары долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2020-жылдын 27-январынан кечиктирбестен ntaalaibekov@nbkr.kg электрондук почта дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.