Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 6-январындагы тапшырмасын аткаруунун алкагында, 2020-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.Абдыгулов менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрү ортосунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.  

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы А.И.Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Д.Д.Догоев катышты. 

Жолугушууда тараптар ортосунда юридикалык маанилүү макулдашууларды электрондук түрдө түзүү үчүн, ошондой эле санарип электрондук кол тамгалар инфраструктурасын пайдалануу үчүн инсанды идентификациялоонун жана верификациялоонун санарип ыкмаларын ишке ашырууда мамлекеттик органдардын өз ара иш алып баруу маселелери талкууланды. Инсанды идентификациялоонун жана верификациялоонун мындай ыкмаларын колдонуу коммерциялык банктарга аралыктан тейлөө каналдары аркылуу жарандардын кеңири чөйрөсүнө банктык кызматтарды сунуштоого мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда инсанды аныктоонун мындай системасы ишенимдүүлүк боюнча коопсуздуктун бардык стандарттарына туура келүүгө тийиш экендигине өзгөчө көңүл бурулду.  

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар мамлекеттик жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо инсанды идентификациялоо жана верификациялоо системасын ишке ашыруунун натыйжалуу механизмдерин аныктоо милдеттери кирген ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү жөнүндө чечимге келишти. 

Биринчи жарым жылдыкта аралыктан идентификациялоонун жаңы системасын тесттен өткөрүү үчүн пилоттук долбоорду ишке ашыруу пландаштырылууда.