Улуттук банк төлөм уюмдарынын агенттеринин мобилдик тиркемелерин товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн пайдалануучуларын идентификациялоо жана верификациялоо боюнча жолугушуу өткөрдү  

 

2020-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында мобилдик байланыш операторлорунун жетекчилери (MegaCom, Beeline, «О!» соода маркалары), «KG төлөм системаларынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси менен 2019-жылдын 13-августунда түзүлгөн №2019-Д-141/835-0-3 Мобилдик байланыш операторлорунун мобилдик кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүүдө коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары менен кызматташуусу жөнүндө макулдашууну (мындан ары Макулдашуу) аткаруу боюнча жолугушуу болуп өттү. Аталган макулдашууга ылайык, мобилдик тиркемелердин жана электрондук капчыктардын бардык колдонуучулары 2020-жылдын 1-октябрына чейин идентификациядан өтүүгө тийиш.  

Мобилдик байланыш операторлору агенттик схеманын алкагына мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды идентификациядан өткөрүүнүн ар түрдүү инструменттери тууралуу маалымат беришти. Жолугушууда аралыктан идентификациялоого байланыштуу, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен иш-аракеттерди андан ары координациялоо зарылдыгы тууралуу маселелер талкууланды.