Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, коронавирус инфекциясынын нак акча жана башка төлөм каражаттары аркылуу жайылышын алдын алуу максатында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарына ылайык, банкнотторду жана монеталарды кармагандан кийин жөнөкөй жеке гигиена эрежелерин сактоо зарылдыгы тууралуу эскертет. 

Коронавирус инфекциясы башка вирустар же бактериялар сыяктуу эле, бардык жерде, анын ичинде банкноттордун, монеталардын, кагаздын, смартфондордун, пластик карталардын жана башка буюмдардын беттеринде болушу мүмкүн. 

Банкноттор менен монеталар биринчи кезекте бир колдон экинчи колго дайыма өтүп турган төлөм каражаты болуп санала турганын эстен чыгарбоо зарыл. Жөнөкөй жеке гигиена эрежелерин сактоо банкноттор, монеталар жана башка төлөм каражаттары аркылуу жугушу мүмкүн болгон инфекцияларды таратуу тобокелдигин азайтат.