Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматтык билдирүүсү 

 

Бүгүнкү мезгилдеги коронавирус инфекциясынын жайылышы менен байланышкан чыныгы шарттарда Кыргыз Республикасынын финансы системасы тышкы факторлордун терс кесепеттерине каршы туруу жөндөмдүүлүгүн жана туруктуулугун сактап турат.  

2020-жылдын 1-мартына карата абал боюнча банк тутуму өздүк капиталдын жана ликвиддүүлүктүн ири запасына ээ. Банк тутуму боюнча ликвиддүүлүк коэффициенти 68,7 пайызды түзгөн (ченем боюнча 45,0 пайыз). Банк сектору боюнча суммардык капиталдын жетиштүүлүк коэффициенти (шайкештик) 22,7 пайызды түзгөн (ченем боюнча 12,0 пайыз). 

Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абал киргизилген шартта, банк жана төлөм системасы которуу жана төлөм операцияларын, эмгек акыларды, пенсияларды, жөлөк пулдарды төлөм карттарына которуу жана аларды банкоматтар аркылуу алуу операцияларын үзгүлтүксүз ишке ашырууну камсыз кылууда.  

Улуттук банк экономика чөйрөсүнүн жана калктын нак акчага муктаждыгын коммерциялык банктар аркылуу керектүү банкноттордун номиналдары жана монеталар менен толук көлөмдө жана өз убагында камсыз кылуу жагында үзгүлтүксүз иш алып барууну улантат.  

«Элкарт» улуттук төлөм системасын кошуу менен Кыргыз Республикасынын төлөм системасы штаттык режимде иштеп, нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууда. Жеке адамдар, юридикалык жактар жана жеке ишкер субъектилери товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү ар түрдүү нак эмес төлөө инструменттерин колдонуу менен жүргүзө алышат (банк төлөм карттары, электрондук капчыктар, «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемеси, QR-кодду колдонуу менен төлөмдөр жана которуулар, мобилдик банкинг, интернет банкинг ж.б.).  

Нак эмес төлөмдөрдү жана которууларды ишке ашырууда үзгүлтүксүз иштөөнү жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.  

Коомдук жайларга, анын ичинде коммерциялык банктарга баруу зарылдыгы менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу максатында, Улуттук банк товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү төлөө үчүн онлайн-сервистерди, нак эмес жана аралыктан эсептешүү формаларын, банктык төлөм карттарды колдонууну, аралыктан тейленүү кызматтарынан пайдаланууну (интернет-банкинг, мобилдик-банкинг, электрондук жана мобилдик тиркемелер), ошондой эле QR-коддорду жана электрондук акчаларды колдонууну сунуштайт. 

Улуттук банк 2020-жылдын 22-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген өзгөчө абал режими шартында, калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн жеткиликтүү пайдалануусун камсыз кылуу максатында, өлкөнүн финансылык секторундагы жагдайга туруктуу негизде байкоо жүргүзүп турат.