Кайра уюштурулуп жаткан банктардын банктык кызматтарды үзгүлтүксүз сунуштоосун камсыз кылуу маселелерин бир тартипке келтирүү, банктарга башкаруучу директорлор кызматына тиешелүү иш тажрыйбасына ээ адамдарды дайындоо мүмкүнчүлүгүн сунуштоо, Директорлор кеңешинин жана Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө карата коюлган талаптарды, ошондой эле акционерлер жыйынында банктык топту жетектеген адам тарабынан чечимдерди кабыл алуу процессинин ачык-айкындыгын жөнгө салуу маселелерин белгилөө максатында, Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/ «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2020-жылдын 10-майынан кеч эмес мөөнөттө iimanhodzhaev@nbkr.kg электрондук почтасына (анын ичинде Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.