COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин төмөндөтүүнүн алкагында, ошондой эле «Элкарт» карттары аркылуу пенсияны жана мамлекеттик жөлөк пулдарды алуучуларды колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2020-жылдын 9-апрелинде карт ээлерин банкоматтардан, нак акча берүү пункттарынан жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүндө орнотулган POS-терминалдардан нак акча каражатын алууда комиссияларды төлөөдөн бошотуу жөнүндө токтом кабыл алды. 

Айрым банктардын банктык жабдууларында автоматтык түрдө комиссия алуу программасы орнотулгандыктан, жогоруда аталган төлөөлөр боюнча нак акча каражаттарын алууда комиссия кармалган учурда, коммерциялык банктар тарабынан кийинчерээк «Элкарт» карттары боюнча пенсионерлер менен мамлекеттик жөлөк пул алуучуларга кармалган комиссиялар кайтарылып берилет.