Улуттук банк тарабынан Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоор иштелип чыкты. Сунушталган өзгөртүүлөр коммерциялык банкты микрофинансылык компанияга кайра каттоо боюнча жана башка талаптарды камтыйт. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2020-жылдын 22-майынан кечиктирбестен mtatybekova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүү зарыл.