Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик чен өлчөмүн 5,0 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2020-жылдын 26-майында эсептик чен өлчөмүн (негизги ченди) 5,0 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2020-жылдын 27-майынан тартып күчүнө кирет.  

COVID-19 пандемиясынын тышкы жана ички экономикалык кесепеттери жана мунай боюнча дүйнөлүк рыногундагы абал, вируска каршы күрөшүү боюнча карантин чараларын киргизүү шартында калктын биринчи зарылчылыктагы товарларына карата жогорку суроо-талап менен катар эле күндөлүк инфляциянын тездешине алып келген. 2020-жылдын май айында (15ине карата) жылдык инфляциянын көрсөткүчү өтүп жаткан жылдын апрелинде 8,6 пайызга чейин жогорулагандан кийин 7,5 пайыз деңгээлинде түптөлгөн.  

Дүйнөлүк экономиканын калыбына келишинин, анын ичинде калыбына келүү траекториясынын жана убактысынын белгисиздиги жогорку деңгээлде калууда. Дүйнөлүк жана регионалдык экономиканын өнүгүү келечектери пандемия абалынын өрчүшү сыяктуу көп факторлордон, кризиске каршы көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугунан жана алардын өз убагында көрүлгөндүгүнөн жана тышкы экономикалык иштин калыбына келишинен, учурда алар бир маанилүү болбогон баа берүүдөн көз каранды. 

Коронавирустун жайылышын ооздуктоо боюнча чектөө чаралары Кыргыз Республикасынын экономикасынын дээрлик бардык секторлорунда өндүрүштүн төмөндөшүнө алып келди. Экономикалык жигердүүлүктүн төмөндөшү биринчи кезекте кызмат көрсөтүүлөр, курулуш жана өнөр жай чөйрөсүндө катталган. Кыска мөөнөттүү мезгил ичинде мындай тенденциянын сакталышы күтүлүүдө. Ички керектөөнү кармап туруучу фактор катары экспорттук пайданын агылып кирүү көлөмүнүн жана үй чарба кирешелеринин олуттуу булактарынан болуп саналган эмгек мигранттарынын акча которууларынын көлөмүнүн кыскарышы саналат.  

Улуттук банктын баа берүүлөрүнө ылайык ички суроо-талаптын күтүлүп жаткан алсызданышы орто мөөнөттүү мезгил ичинде өлкөдө инфляциянын динамикасына ооздуктоочу таасирин тийгизип турат. Жаңыртылган болжолдоолорго ылайык Кыргыз Республикасынын экономикасындагы учурдагы экономикалык шарттарда жылдын акырында бир маанидеги чекте анын орточо маанисин сактоо менен 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгы ичинде инфляциянын убактылуу тездетилиши байкалып турат.  

Бүтүндөй алганда акча-кредит секторундагы абал олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон эмес. Кредит портфелинин жана депозит базасынын өсүшү улантылууда. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери Улуттук банктын эсептик ченине ылайык жалпы багытка ээ, алар белгиленген пайыздык чендин чегинде өзгөрүлүп турууда. Кредиттик ресурстардын банктар аралык рыногу жыл башындагы мезгилге салыштырмалуу акыркы эки ай ичинде эң көп жигердүүлүктү көрсөтүүдө. Ички валюта рыногу чет өлкө валютасынын рыноктук суроо-талабы жана сунушу менен теңдештирилүүдө. 2020-жылдын май айында2 Улуттук банк валюталык интервенцияларды жүргүзгөн эмес. Улуттук банк тарабынан кабыл алынган монетардык жана макропруденциалдык чаралар бүтүндөй банк жана финансы системаларында коронавирустун терс кесепеттерин жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет. 

Негизги чен боюнча чечимдер инфляциянын айкын деңгээлин жана орто мөөнөттүү мезгил ичинде 5-7 пайыз максаттуу чек боюнча анын болжолдонулуп жаткан динамикасын эске алуу менен кабыл алынат. Тышкы чөйрөнүн өнүгүү шарттарын жана түптөлүп жаткан ички шарттарды эске алуу менен Улуттук банк экономиканын реалдуу секторун демилгелөө боюнча чараларды колдоо зарылчылыгын эске алып, эсептик чен өлчөмүн 5,0 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алган.  

Улуттук банк инфляцияга карата тышкы жана ички таасир этүү факторлоруна туруктуу негизде баа берип турат жана экономикалык абалга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын кабыл алат. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда Улуттук банк алардын кесепеттерин жеңилдетүү боюнча жетиштүү инструментке ээ. 

 

Маалымат үчүн: 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселени кароо боюнча кийинки отуруму 2020-жылдын 29-июнунда өтөт.  

______________________________________________ 

2 2020-жылдын 25-майына карата абал боюнча  

 

1-график. Кыргыз Республикасында жалпы инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде) 

 

2-график. Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде) 

 

3-график. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени 

(пайыздар)