Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Банк»/«Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын кызыкдар болгон башка катышуучулары долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2020-жылдын 20-сентябрынан кечиктирбестен sabdygaziev@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.