Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченин 5,0 пайыз деңгээлинде сактап калды  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2020-жылдын 24-августунда эсептик ченин (негизги ченди) 5,0 пайыз деңгээлинде сактап калуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул чечим 2020-жылдын 25-августунан тартып күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө мурдагыдай эле, тышкы экономикалык шарттар жана коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы аракеттенүү чараларынан улам орун алган факторлор көбүрөөк таасирин тийгизүүдө. Дүйнөдө экономикалык жигердүүлүк акырындап калыбына келе баштагандыгына карабастан, тышкы сектордогу жагдай белгисиз бойдон калууда. Экономиканын кризиске чейинки деңгээлге кайтып келүүсү буга чейин болжолдонгондон көбүрөөк убакытты талап кыла тургандыгы күтүлүүдө.  

Пандемиянын жайылышы жана анын тийгизген терс кесепеттери Кыргыз Республикасындагы айыл чарба секторун жана “Кумтөр” ишканаларын эске албаганда, экономиканын дээрлик бардык секторлорунда экономикалык жигердүүлүктүн кескин төмөндөшүнө алып келген. Өлкө экономикасынын реалдуу секторунун көрсөткүчтөрү акыркы бир нече жылдардагы минималдуу мааниге жетүү менен терс зонада болуусун улантууда. Кыргыз Республикасына акча которуулар агымынын көлөмү өткөн жылдагы көрсөткүчтөн төмөн болуп, ички керектөөнүн бир калыпта кармалышын шарттаган.  

Инфляцияны басаңдатуучу факторлор күчөгөндүгүнө байланыштуу, инфляция динамикасы төмөндөөсүн улантууда. Инфляциянын жылдык көрсөткүчү өтүп жаткан жылдын апрелинде жогорку чекке жетип, 2020-жылдын август айында (14-август) 4,9 пайызга чейин төмөндөгөн. Инфляциянын төмөндөшүнө рыноктун сезондук товарлар менен камсыз болушу жана улуттук валютанын курсунун салыштырмалуу туруктуу сакталышы менен катар эле, азыраак ички суроо-талап өбөлгө түзгөн.  

Акча-кредит чөйрөсүндө туруктуулук сакталып турат. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү сегменти рыноктун катышуучуларынын жигердүүлүгү жогорулашынан улам, чендердин жогорулашын көрсөткөн, мында алар Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чектин тегерегинде негизги ченге жакын деңгээлде өзгөрүп турган.  

Банк тутумунда үстөк ликвиддүүлүктүн жогорку деңгээли сакталууда, бул көбүнчө бюджеттик канал боюнча чыгаша операцияларынын эсебинен калыптанган. Улуттук банк арылтуу операцияларын, негизинен, акча рыногунун кыска сегментинде жүргүзүүнү улантууда. 

Коммерциялык банктардын депозиттик базасы жана кредит портфели акырындап өсүшүн улантуу менен терс экономикалык чөйрө шарттарында туруктуулугун көрсөтүүдө. Ички валюта рыногу салыштырмалуу туруктуу, чет өлкө валюталарынын сомго карата курсунун волатилдүүлүгү төмөндөгөн.  

Учурда Улуттук банк өтүп жаткан жылдын акырына карата инфляциянын орточо мааниси акча-кредит саясатынын орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчтөрүнүн алкагында 5-7 пайыз чегинде орун алат деп күтүүдө.  

Тышкы чөйрөнү өнүктүрүү өбөлгөлөрүн жана учурдагы ички экономикалык шарттарды, ошондой эле экономиканын реалдуу секторуна көмөк көрсөтүү чараларын колдоо зарылдыгын эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды.  

Улуттук банк инфляцияга таасирин тийгизген ички жана тышкы факторлорго туруктуу негизде баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша, акча-кредит саясаты боюнча тиешелүү чараларын кабыл алат. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда, алардын кесепеттерин жөнгө салуу үчүн Улуттук банкта жетиштүү инструменттер каралган.  

 

Маалымат үчүн: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселени кароо боюнча кийинки отуруму 2020-жылдын 28-сентябрында өтөт.  

 

1-график. Кыргыз Республикасында жалпы инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде)

 

2-график. Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде)

 

3-график. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени 

(пайыздар)