2019-жылдын 17-декабрында өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7 жана 28-күн болгон Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 3,76% жана 4,05% түзгөн.  Жүгүртүү мөөнөтү 14-күндүк ноталардын аукциону катышуучулардын санынын жетишсиздигине байланыштуу өткөрүлбөгөн катары таанылды.