2020-жылдын 28-майында коммерциалык банктар үчүн банктык эмес финансы-кредит уюмдарын андан ары кредиттөө үчүн кредиттик аукциону өтө тургандыгы жөнүндө Улуттук банк билдирет

 

Кредиттик аукциондун параметрлери: 

 

 

Аукциондун коду 

АК 20 17 

Кредиттин мөөнөтү (ай) 

6 ай 

Кредиттик ресурстардын көлөмү 

(млн. сом) 

1 000,00 

Ауцион өткөрүү ыкмасы* 

III ыкма - Белгиленген чен боюнча аукциону 

Максаттуу багытталышы  

COVID-19 вирусунун жайылышынан улам экономикада пайда болгон терс кесепеттерди жеңилдетүү үчүн республиканын региондорун каржылоо жана колдоо үчүн банк эмес финансы-кредит уюмдарын кредитөө 

Аймактык багыт 

Кыргыз Республикасынын бардык областтары 

Пайыздык чен (%) 

Аукцион өткөрүү учурунда Улуттук банк аныктаган эсептик чени 

Билдирменин минималдуу көлөмү  

(млн. сом) 

10,00 

Билдирменин максималдуу көлөмү  

(млн. сом) 

300,00 

Банктык эмес финансылык уюмдардын түпкү карыз алуучулары үчүн чектүү пайыздык чени 

14% 

Коммерциялык банктардын банктык эмес финансылык мекемелерине каражаттарды берүүдө маржасы 

Коммерциалык банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдардын макулдашуусу боюнча аныкталат 

Пайыздын төлөө убакыты 

Ар бир айдын 1чи күнүндө 

Кредиттин күрөөлүк камсыздоосу 

Улуттук валютадагы мамлекеттик баалуу кагаздары (МБК) (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%)  

Улуттук банктын ноталары (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%)  

Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсепте турган чет өлкө валютасы (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%) 

Кредиттер портфели боюнча талап кылуу укугу (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 200%) 

Коммерциалык банктардын кредиттери боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү күрөөлүк камсыздоо максималдуу көлөмүнө талаптар  

Жалпы күрөөлүк камсыздоонун 70% ашпаган 

 

 

 

* III ыкма - Белгиленген чен боюнча аукцион. Мындай аукционду өткөрүү учурунда бардык билдирмелер Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленген чен боюнча канааттандырылат. Эгерде билдирмелердин суммардык көлөмү аукциондо сунушталган кредиттик ресурстар көлөмүнөн ашса, алар миңге чейин тегеректелип, пропорционалдуу негизде канааттандырылат.