Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банк портфелинин экономикалык наркынын пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануу деңгээлин аныктоо үчүн коммерциялык банктардан маалымат алуу максатында, Улуттук банк Башкармасы 2020-жылдын 23-декабрында № 2020-П-12/73-10-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтомдо ликвиддүүлүк ченемдерин (К3.1, К3.2) эсептөө тартибин өзгөртүү жана сандык көрсөткүчтөрдүн негизинде Улуттук банктын коммерциялык банктарга алардын системалуу маанилүүлүгү жөнүндө билдирүүсү тууралуу ченемди киргизүү каралган. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акты Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.