Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы криптовалюталарды жөнгө салуу маселеси боюнча анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча аналитикалык каттын долбоорун, «Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө» жана «Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлорун (мындан ары долбоорлор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоорлор Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк» / «Банк иши тууралуу мыйзамдар» / «Талкууга сунушталган мыйзам долбоорлору» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Кызыкдар болгон тараптар долбоорлор боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2021-жылдын 10-февралынан кечиктирбестен жөнөтүүсү, электрондук версиясын кошумча sabdygaziev@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.